Кыймылдын стратегиясы

This page is a translated version of the page Movement Strategy and the translation is 100% complete.


Эркин билим чөйрөсүндөгү келечегибиз

Википедия 2001-жылы бардык билимдерди бөлүшүү чакырыгы менен башталган. Бүгүнкү күндө Викимедиа дүйнөдөгү эң чоң энциклопедияны жана Викиказына, Викимаалымат сыяктуу башка көптөгөн викидолбоорлорду сунуштайт.

Бул ийгиликке карабастан, Викимедиачылар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Тактап айтканда, гендердик ажырым жана азыраак өкүлчүлүктүү топтор үчүн катышууга мүмкүнчүлүк бербеген тоскоолдуктар сакталууда. Биздин Кыймылдын күчү, ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү бирдей бөлүштүрүлгөн эмес. Цензура, аңдуу жана билимди коммерциялаштыруунун көбөйүшү Викимедианын жашоосуна коркунуч туудурат. Технологиянын өнүгүшүнө жана социалдык тенденцияларга байланыштуу биздин ишибиз эскирип калышы мүмкүн. Ошого карабастан, бул чакырыктар жана дайыма өзгөрүп турган дүйнө мүмкүнчүлүктөрдү да сунуштайт.

Викимедиа иш-чараларынын үстүнөн үзгүлтүксүз иштеп жатып, ар кандай топтордун ортосунда стратегияны түзүү башаламан жана татаал болгон. Акыры, жалпы идеяны түптөй турган биргелешкен билим жана көз-караштар топтолду. Бул процесстин ийгилиги аркылуу Викимедианын күчү, анын салым кошуучуларынын таланты, бүткүл дити менен берилип иштегени жана ак ниеттиги менен шартталганын түшүнөбүз.

Бизди жасап жаткан иш эмес, аны эмне үчүн жасап жатканыбыз бириктирет.

Кыймылдын стратегиясын түшүнүү

Эмесе, стратегиялык багытыбыздан баштайлы:

2030-жылга карата Викимедиа эркин билимдин экотутумунун негизги инфратүзүмүнө айланат жана биздин көз карашыбызды тең бөлүшкөн ар бир адам бизге кошула алат.

Биз угуу, үйрөнүү жана сыноо аракеттеринин күчүнө ишенебиз. Баарына пайдасы тийген эркин билим дүйнөсүн ачык диалог аркылуу гана түзө алабыз. Кыймылдын стратегиясы бир багытты карманып, бир жолду баскан адамдардын ишин жөнгө салганга жардам берет. Бул процесс көптөгөн тилде биргелешкен аракеттер менен ачык шарттарда ишке ашырылышы керек. Ар бир адамды жалпы принциптерди кармануу менен, ушул стратегияга салым кошууга чакырабыз.

Стратегиялык багыт 2030-жылды көздөй бет алган Викимедиа кыймылын бириктирет жана шыктандырат. Бул багыт эки максатты карманат:

  • Билим кызматы – билим тармагын ар кандай форматта тейлеп, өнөктөштөр үчүн куралдарды түзүп берген платформага айлануу.
  • Билим теңчилиги – бийлик түзүлүштөрүндө жана артыкчылыктуу демилгелерде камтылбай калган билимге жана жамааттарга басым жасоо.

Бул максаттар бири-бирине байланышкан. Бири экинчисисиз ишке ашпайт.

Стратегиялык багыт ар кандай иш чөйрөлөрү боюнча он сунуштун келип чыгышын шарттаган. Ар бир сунуш конкреттүү демилгелерди аныктайт. Ар бир демилге көптөгөн иш-чаралардан жана долбоорлордон турушу мүмкүн.

Кыймыл стратегиясынын сунуштарынын бардыгы бири-бирине байланышкан жана бири-бирин колдойт. Максаттар сыяктуу аларды да өз-өзүнчө ишке ашырууга болбойт.

Бизге кошулуңуз

Кыймылдын стратегиясынын ийгиликтүү ишке ашырылышында сиз дагы омоктуу роль ойнойсуз. Бир нече жол менен катышсаңыз болот: Дагы башка идеяларыңыз болсо, аларды укканга кубанычта болобуз. Келгиле чогуу талкуулайлы.