Movement Strategy/Recommendations/Increase the Sustainability of Our Movement/ky

This page is a translated version of the page Movement Strategy/Recommendations/Increase the Sustainability of Our Movement and the translation is 100% complete.
Кыймылыбыздын туруктуулугун жогорулатуу

What

Биз жаңы келгендерге да, көптөн бери салым кошуп жүргөндөргө да колдоо көрсөтүп, алардын керектөөлөрүн канааттандыруу менен, Кыймылыбыздын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылганга аракет кылабыз. Кыймылыбыздагы ар кандай кызыкдар тараптардын ортосунда каржы ресурстарын түзүү жана бөлүштүрүүдө ишенимдүү, узак мөөнөттүү жана акыйкаттуу ыкмаларды колдонобуз.

Бул сунуш жөнүндө кыскача видео түрмөк

Материалдарды көзөмөлдөө, түзөтүү жана салым кошуу Кыймылыбыздын эң маанилүү иштери болгонуна карабастан, билим жаатындагы теңчиликти жана кызмат катары билимге алып бара турган башка маанилүү салымдар бар экенин билебиз.Алардын катарына коомдук жана маалыматтык-агартуу ишмердүүлүк, дараметти арттыруу, жайылтуу, изилдөө, уюштуруу жана каражат топтоо иштери кирет. Кыймыл туруктуу өсүшү үчүн бул иштер тереңирээк талданып, кээ бир шарттарда акы төлөө мүмкүнчүлүгү каралышы керек.

Кыймылдын эрежелери жана принциптери боюнча түзөтүү иши үчүн акы төлөнбөйт жана мазмундун редакциялык көзкарандысыздыгына кедергисин тийгизген коммерциялык максатты көздөп иштебейбиз. Биз жергиликтүү топторду жана жаңыдан пайда болгон жамааттарды жана уюмдарды колдоп, каражаттарды алуунун жана өнөктөштүктү түзүүнүн учурдагы жана жаңы жолдорун колдонобуз. Кыймыл катары өсүп, кыйла туруктуу иштей баштаган сайын, жер планетасынын экологиялык туруктуулугун камсыз кылган багытта да практикабызды шайкеш келтиребиз.

Changes and Actions

Адамдын туруктуу өнүгүүсү

  • Викимедиа Кыймылындагы адамдар көбүрөөк канааттанып, алардын кыйла майнаптуу иштөөсүнө түрткү берген системалуу ыкманы кантип иштеп чыгабыз:
    • жергиликтүү шарттарды эске алып, топтор менен ыктыярчылардын керектөөлөрүн баалап, аларга омоктуу колдоо көрсөтүп, жасаган иштерин барктоо аркылуу.
    • онлайн жана офлайн салым кошуучулардын ар кандай түрлөрүн тынымсыз тартуу жана үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүү аркылуу.
  • Жаңы түзүлүп жаткан жана өкүлчүлүгү аз жамааттар менен топторду колдоо үчүн, алардын муктаждыктарын эске алып, Кыймыл фондунун каржылоосунун кыйла чоңураак көлөмүн арноо аркылуу. Бул өз ичине керектүү адистерди жалдаганга кеткен чыгымдарды, операциялык чыгымдарды жана макалаларды көзөмөлдөө, кошуу жана түзөтүүгө тиешеси жок башка иштерге кеткен чыгымдарды жаап берүү керек.

Финансылык туруктуулук

  • Викимедиа Кыймылы, анын баалуулуктары, жетишкендиктери, долбоорлор жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү жамааттары тууралуу маалымдуулукту арттырып, билимди керектөөчүлөрдүн, ыктыярчылардын, өнөктөштөрдүн жана донорлордун назарын, ишенимин жана кызыгуусун бекемдөө.
  • Киреше табуу эрежелерин түшүндүрүп, жергиликтүү шарттар менен муктаждыктарга ылайыкташтырыла турган нерселерди аныктоо үчүн Кыймылдын бардык түзүмдөрүнө тиешелүү саясатты түзүү. Бул саясат туруктуулукту, биздин миссиябызды жана баалуулуктарыбызды жана финансылык көзкарандысыздыгыбызды тең салмакташтырат. Бул саясатка ылайык, биз:
    • Кыймылдын түзүмдөрүнүн ортосунда киреше табуу жоопкерчилигин бөлүштүрүү жана туруктуулукту жогорулатуу максатында жергиликтүү деңгээлде каражат тартуу көндүмдөрүн өнүктүрөбүз.
    • Кыймыл боюнча кирешелерди көбөйтүү жана киреше агымдарын түрдүүлөнтүү, ошол эле учурда каражаттардын ачык жана жоопкерчиликтүү түрдө чогултулушу жана сарпталышы боюнча отчеттуулукту камсыз кылабыз.
  • Өнөктөштүк байланыштар жана коммерциялык иш аркылуу киреше табуунун, ошондой эле акысыз билимди жайылтуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө. Мисалы:
    • Корпоративдик деңгээлдеги APIлерди түзүү (жеткиликтүүлүктүн, өткөрүмдүүлүктүн жана колдонууга ыңгайлуулугун эске алып).
      • Зарылчылыкка жараша, чакан, коммерциялык эмес жана ири коммерциялык колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнүн муктаждыктарын эске алып, өнөктөштөрдү өнүктүрүүгө тартыңыз.
      • Долбоорду иштеп чыгууда кирешеге көз карандылыкты же башка тышкы таасирди болтурбоо үчүн, ишкана масштабындагы коммерциялык колдонуучуларга акы төлөп берүү же туруктуу өнүгүү үлгүлөрүн изилдөө.
      • Коммерциялык эмес, изилдөөчүлүк максаттар, ошондой эле чакан жана орто коммерциялык максатта колдонуу үчүн такай акысыз жана чектелбеген мүмкүнчүлүктү берген кепилдиктерди иштеп чыгуу.
    • Медиавики технологияларын (Викимаалымат жана Parsoid сыяктуу) иштеп чыгууда үчүнчү тараптардын экотутумдарынын активдүү тартуу.
    • Медиавики технологияларына байланыштуу кесиптик жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
    • Викимедиа бренди түшүрүлгөн товарларды иштеп чыгуу жана пайдалануу.

Rationale

Учурда фонддордун жана аларда иштегендердин көпчүлүгү Түндүк жарым шарда жайгашкандыктан, ресурстар бирдей бөлүштүрүлбөй келет. Кыймылыбыз туруктуу өнүгүп, ар кандай нерселерге туруштук бере алган мейкиндикти түзүү үчүн биз жамааттарыбызда али өкүл боло элек адамдар менен иштөөгө активдүү мамиле жасашыбыз керек. Кыймылда көптөн бери салым кошуп жүргөндөрдүн салымын баалап, тең салмактуулукту сакташыбыз керек, болбосо, жумуштан чарчап, бизден кеткендер көп болуп, алар менен кошо эсибизден, мүмкүнчүлүктөрдөн, дараметтен жана адамдардан кол жууп калышыбыз мүмкүн.

Адамдар

Келечегибиз жапа тырмак иштешкен, дени сак, ар түрдүү жамааттык чөйрөдөн жана салым кошуучулардын үзгүлтүксүз агымына көз каранды. Бирок бүтүндөй Кыймылдын ичинде ресурстар менен мүмкүнчүлүктөрдү (акча, өнөктөштөр, объекттер сыяктуу) бирдей бөлүштүргөн механизмдер жетишпейт. Мындан тышкары, бардык катышуучуларга онлайн жана офлайн режиминде салым кошууга мүмкүнчүлүк берип, аларды баалап барктаган механизмдерибиз жок. Ар кандай керектөөлөрдү канааттандырып, колдоо көрсөткөн жол-жоболорду, процесстерди жана механизмдерди өркүндөтүү менен, бизге келген авторлордун санын көбөйтүп, аларды кармап кала алабыз.

Финансылык ресурстар

Стратегиялык багытыбыздын дымагы күчтүү болгондуктан, учурдагы өсүштөн тышкары Кыймылыбыздын кирешесин да көбөйтүшүбүз керек. Учурдагы үлгүбүз Викимедианын кайрымдуулук көрнөк-жарнактарына аябай көз каранды болгондуктан, тышкы өзгөрүүлөргө туруштук бере албай, келечектеги технологиялар менен билимди керектөө шарттарында талапка ылайык иштей албай калышы мүмкүн. Мисалы, тике трафик азайып, виртуалдык жардамчылар жана издөө куралдары аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү күч алып кетиши мүмкүн. Дараметибизди ар кандай дүйнөлүк ык-амалдар, технологиялык жетишкендиктер, платформабыз менен кызматыбыз аркылуу киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен күчтөй алабыз. Бардык киреше агымдары Кыймылдын бир нече уюму аркылуу гана өтүп жаткандыктан, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып, бирдей шарттарды орното албай келебиз.