Movement Strategy/Recommendations/Provide for Safety and Inclusion/ky

This page is a translated version of the page Movement Strategy/Recommendations/Provide for Safety and Inclusion and the translation is 100% complete.
Коопсуздук жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу

What

Биз инклюзивдүү, жагымдуу, коопсуз жана эч кимге кысым көрсөтүлбөгөн чөйрө куруу үчүн Кыймылдын жалпы стандарттарын аныктайбыз. Бул бизге жаңы жана ар түрдүү ыктыярчыларды тартууга, алардын активдүүлүгүн кармап калууга жана Кыймыл катары өсүүгө мүмкүндүк берет.

Бул сунуш жөнүндө кыскача видео түрмөк

Учурдагы жана келечектеги онлайн жана офлайн салым кошуучулардын жеке жана жамааттык коопсуздугуна доо кетирбей катышууга мүмкүнчүлүк берген тийиштүү шарттарга жана ресурстарга ээ болушун камсыз кылабыз. Бардык катышуучуларды коргоо үчүн ар кандай чөйрөлөргө ылайыкташтырылган контексттик баалоонун негизинде тутумду (инфратүзүм жана саясаттарды), ошондой эле стандарттарды жана жол-жоболорду камсыз кылабыз.

Changes and Actions

  • Жамааттар менен биргеликте, бүтүндөй Кыймылдын ичинде кысым көрсөтүүгө жол бербеген орундуу жүрүм-турумду камсыз кылуучу Универсалдуу жүрүм-турум кодексин түзүп чыгуу. Бул иш белгилүү бир шарттарды, учурдагы жергиликтүү саясаттарды, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылган жана чыр-чатактарды чечкен түзүлүштөрдү эске алуу менен, инклюзивдүү процесс аркылуу жүргүзүлмөкчү.
  • Техникалык же адамдар себепкер болгон жагымсыз окуяларга, ошондой эле кысым көрсөткөн учурларга карата ыкчам чара көрүү үчүн аларды тилдик жана географиялык тоскоолдуктарга карабастан, купуя кабарлоого мүмкүнчүлүк берген жолдорду түзүү.
  • Жамааттарда Викимедианын ишине онлайн жана офлайн форматтарда катышкандар үчүн жагымдуу иш чөйрөсүн сактоо жана тутуу жоопкерчилик деңгээлин, ошондой эле отчет берүү жана андан ары көзөмөлдөө жол-жоболорун орнотуу.
  • Коопсуздукту камсыз кылуучу иш-чараларды баалоо жана ишке ашыруу боюнча ийкемдүү планды, ыкчам чара көрүү жана колдоо көрсөтүү инфраструктурасын инфратүзүмүн изилдөө жана иштеп чыгуу. Бул онлайн жана оффлайн салым кошуучулардын Викимедиа ишмердүүлүгүнөн келип чыккан зыянды азайтуу үчүн даяр жана жеткиликтүү ресурстарга ээ болушун камсыз кылат. Тактап айтканда:
    • психологиялык жардам (терапевттер, кеңешчилер, медиаторлор),
    • техникалык жардам (адамдын чыныгы атын жаап-жашыруучу механизмдер),
    • юридикалык жардам (юристтердин тизмесин түзүү, жергиликтүү деңгээлде юристтердин катышуусуна көмөктөшүү),
    • өмүргө коркунуч келтирилген учурда ыкчам эвакуациялоо жолу,
    • социалдык-саясий толкундоолор жана экологиялык коркунучтар сыяктуу ири масштабдуу окуяларга чара көрүү жол-жоболору,
    • жамааттардын коопсуздугун камсыз кылуу жана чыр-чатактарды чечүү жаатында кабардарлыкты жана чара көрүү дараметин арттыруучу окуулар жана мүмкүнчүлүктөр.
  • Долбоорлорубузду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн жамааттарыбызга керектүү ченемдик-укуктук базаларды илгерилетүүчү жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдүн дараметин өнүктүрүү.
  • Салым кошуучулардын шарттарында алардын коопсуздугун камсыз кылуучу платформалык механизмдерди (мисалы: анонимдештирүү механизмдери) түзүү. Белгилүү бир долбоорлордогу жана контексттердеги мүмкүнчүлүктөрдү жана коркунучтарды, ошондой эле кысым көрсөтүү жана бүлүндүрүү (вандализм) коркунучтарын баалоо.

Rationale

Википедиа - чыныгы ийгиликтин окуясы. Анда узак мезгилден бери өз ыктыяры менен катышып келе жатышкан салым кошуучулар, болуп көрбөгөндөй баа жеткис билим ресурсун түзө алышты. Бирок бүткүл дүйнөнүн деңгээлинен алып карасак, жамааттарыбыз азырынча дүйнөнүн ар түрдүүлүгүн чагылдыра элек. Алар билим менен иштеген адамдардын ар түрдүүлүгүн да, бөлүшүлүшү керек болгон билимдин ар түрдүүлүгүн да чагылдырбайт.Мындан тышкары, жоопкерчиликтүү орундарда да ар түрдүүлүк жок. Гендердик ажырымдын жана материалдар менен салым кошуучулардын арасында ар түрдүүлүктүн жетишсиздигинин себебин коопсуз жана инклюзивдүү чөйрөнүн жоктугу менен түшүндүрсөк болот. Көптөгөн Викимедиа долбоорлорунун маданиятындагы мүчүлүштүктөр учурдагы жамааттардын ишин жана катышуусун чектеп, жаңы адамдардын, анын ичинде кыз-келиндердин, ЛГБТК+ өкүлдөрүнүн, жергиликтүү элдердин жамааттарынын жана башка четте калган топтордун келип кошулуусуна тоскоол болууда.

Мындан тышкары, учурда Кыймылдын иштерине катышкандыктан улам коркунучка дуушар болгон салым кошуучуларга такай колдоо көрсөтүп туруучу ыкма жок (мисалы, сөз эркиндиги жок өлкөлөрдө адамдын коопсуздугуна келтирилген коркунучтар), ошондой эле жергиликтүү шарттарда салым кошуучулардын анонимдүүлүгүн коргоо дарамети жетишсиз (мисалы; жагымсыз окуяларды кабарлаганда). Муктаждыктар жана коркунуч деңгээлдери ролдорго жана жоопкерчиликтерге жараша ар кандай болот. Анонимдүүлүктү, купуялуулукту, жеке жашоонун кол тийбестигин жана "доксинг" жана "троллинг" сыяктуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн керектүү коопсуздук чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен, жамааттарыбызды кеңейтип, Кыймылыбыздын туруктуулугун камсыз кыла алабыз. Биз Кыймылыбыздын катышуучуларынын арасында эч кандай орунсуз жүрүм-турумга жол бербейбиз.