Movement Strategy/Recommendations/Improve User Experience/ky

This page is a translated version of the page Movement Strategy/Recommendations/Improve User Experience and the translation is 100% complete.
Колдонуучулардын тажрыйбасын жакшыртуу

What

Биз платформаларыбыздын түзүлүшүн такай өркүндөтүп, каалаган адам жынысына, маданиятына, курагына, технологиялык тажрыйбасына же көндүмдөрүнө же физикалык жөндөмдөрүнө карабастан, Викимедиа экотутумундагы билимди жагымдуу шарттарда пайдалана алгыдай да, салым кошо алгыдай да инклюзивдүү кылганга аракет кылабыз.

Бул сунуш жөнүндө кыскача видео түрмөк

Платформаларыбызда колдонуучулардын тажрыйбасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү менен, көбүрөөк адамдарга долбоорлорубузга кошулуп, маалымат алып, салым кошконго мүмкүнчүлүк беребиз. Бул иштеп чыгуучулардын, дизайнерлердин жана жамааттардын жалпы жоопкерчилиги болгондуктан, бүтүндөй Викимедиа экотутумунда биргелешкен жамааттык аракетти талап кылат. Колдонуучулардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн изилдөө, сунуштоо, сыноо жана натыйжаларды жайылтуу иштери так аныкталып, итеративдүү жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болуп, адамдардын муктаждыктарына багытталышы керек.

Changes and Actions

Викимедиа платформаларында өзгөртүүлөрдү аныктоо, сунуштоо, сыноо жана ишке ашыруу үчүн методологияны өркүндөтүү керек. Бул үчүн:

  • Кабардарлыкты арттырып, кыйла майнаптуу чечимдерди кабыл алуу үчүн дизайнерлердин, техникалык иштеп чыгуучулардын, жамааттардын жана колдонуучулардын өкүлдөрүн колдонуучулардын иштөө шарттарын итеративдүү долбоорлоо, изилдөө жана натыйжаларды жайылтуу процесстерине тартуу керек.
  • Ар кандай колдонуучулардын (биз көздөгөн көп түрдүүлүктү чагылдырган дасыккан редакторлордун, техникалык салым кошуучулардын жана жаңы кошулгандардын) катышуусу менен, өндүрүмдөрдүн ыңгайлуулугун сыноо жана текшерүү керек.
  • Акысыз жана жалпыга ачык программа аркылуу эң алдыңкы жеткиликтүүлүк көрсөтмөлөрүнүн (Интернет үчүн WCAG, мобилдик интернет үчүн W3C ж.б.) сакталышына колдоо көрсөтүү.
  • Жамааттарга колдонуучулардын иштөө шарттары тууралуу маалымат берип, муктаждыктарды канааттандыруу жаатында кызматташып, өсүүгө, түрлөнүүгө жана катышууга тоскоол болгон нерселерди жоюу менен, инклюзивдүүлүктү арттыруучу чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү керек.

Эркин билимди пайдалануучулар же түзүүчүлөр, ошондой эле функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчүлөр үчүн бардык Викимедиа долбоорлорунун сапатын жогорулатуучу жол-жоболор менен иштерди иштеп чыгуу керек. Ал үчүн өндүрүмдөрүбүздүн жана платформаларыбыздын конкреттүү мүнөздөмөлөрүнүн үстүнөн иштөө талап кылынат:

  • колдонуучулар ар кандай шарттарда колдоно жана салым кошо алышы үчүн, ар кандай түзмөктөр үчүн атайын иштелип чыккан интерфейстер.
  • жаңы баштагандар үчүн табууга жана түшүнүүгө оңой ресурстар, анын ичинде камтылган медиа маалыматтар жана өз алдынча үйрөнүүгө жана багыттоого жардам берген жетелеме интерфейстер.
  • белгилүү бир нерселерге кызыккан, милдеттерди аткарган жана максаттарды көздөгөн кесиптештерди тапканга мүмкүнчүлүк берген мейкиндиктер, ошондой эле бири-бири менен иштешип, кызматташып жана насаатчылык кылган байланыш каналдары.
  • баалоо, үйрөнүү жана өркүндөтүү үчүн платформанын функцияларын камтыган документтер жана стандарттар.
  • белгилүү бир кызыкчылыкка, маалыматтык муктаждыкка же суроо-талапка ылайык Викимедиа экотутумундагы билимдерге кеңири мүмкүнчүлүк берген долбоорлор аралык жана тилдер аралык функцияларды байланыштыруучу куралдар.
  • жаңы вики долбоорлорду (анын ичинде жаңы тилдеги версияларды) жайылтуучу жана жамааттар иштеп чыккан программалык функцияларды колдонуунун так аныкталган жолдору.
  • иштеп чыгуучунун куралдары жана жогорку сапаттагы документтер техникалык салым кошуучуларга колдонууга ыңгайлуу жана натыйжалуу куралдарды түзүүгө жана тейлөөгө мүмкүндүк берет.
  • биздин миссиябыз менен принциптерибизге туура келген учурларда, тике жана кыйыр колдонуучуларыбыздын иштөө шарттарын жакшыртып, сайтыбызды көбүрөөк адам таап, аны көбүрөөк адамга жеткиликтүү кылып, суралган маалыматты кайтаруу дараметин арттыруу, ошондой эле сайтыбызды колдонгондордун кабардарлыгын арттырып, алардын аныктыгын аныктоону жана текшеримдүүлүгүн жеңилдетүү үчүн ири колдонуучулар менен кызматташып, Викимедиа API топтомдорун бир кыйла ар тараптуу, ишенимдүү, коопсуз жана ыкчам кылуу.

Rationale

Адамдар билимди күндөн күнгө көбөйүп жаткан ар түрдүү түзмөктөр, интерфейстер жана иштешүүлөр (виртуалдык жардамчылар сыяктуу) аркылуу түзүп, пайдаланышат. Интернеттеги акысыз билим өзүнүн маанилүүлүгүн жоготпой, долбоорлорубуз туруктуу өнүгүүсү үчүн учурда болуп жаткан жана эртеңки күнү боло турган өзгөрүүлөрдү жакшы түшүнүп, платформаларыбыз менен мейкиндиктерибиз колдонуучулардын ар кандай керектөөлөрүн канааттандыра алгыдай кылып ылайыкташыбыз керек.

Колдонуучулардын иштөө шарттарын жакшыртуу менен, материалдардын, катышуучулардын санын көбөйтүп, көп түрдүүлүккө жетише алабыз. Долбоорлорубуз жамааттарга таянып, алардагы редакторлордун негизги курамында, салым кошуу жана функционалдык милдеттерди аткаруу жаатында, кескин өзгөрүүлөр болбогондуктан, жамааттарга жаңы адамдарды тартышыбыз керек. Айрыкча, учурдагы платформаларыбыз жаңы кошулгандарга керектүү окуу ресурстарын таап, катышуу үчүн техникалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө татаал болгон шарттарда. Викимедиа долбоорлорунун тегерегинде келип чыккан процесстер, куралдар, платформалар жана байланыш каналдары аркылуу жаңы кошулган катышуучулар көп нерсени тез үйрөнүп, өздөштүрө алышат жана бул жөнүндө дасыккан салым кошуучулар билбеши мүмкүн. Кыйла ыңгайлуу өндүрүмдү (продукт) сунуштоо үчүн колдонуучулардын тажрыйбасын такай баалап, муктаждыктарын аныктоо жолдорун өркүндөтүп туруу керек.