Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты

This page is a translated version of the page Grants:MSIG/About and the translation is 100% complete.

Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты (КСАГ) Кыймылдын стратегиясынын демилгелерин учурдагы абалын эске алып, аны бир кадам алдыга түрткөн долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Бардык демилгелер изилдөө жана пландоо иштеринен баштап иштеп чыгуу жана ишке киргизүүгө чейин биргелешип жүзөгө ашырылат. Ушул грант колдогон долбоорлор ири же чакан болушу мүмкүн, бирок баары тең бир демилгени жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун негиздеши керек.

Чоо-жайы

«Жамааттын каражаттары» командасы гранттык сунушуңуз тууралуу кененирээк маалымат алгысы келет. Андыктан сунуштардын долбоорлорун эртерээк жөнөтсөңүз жакшы. Кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, strategy2030 wikimedia.org почтасына жазыңыз. Жооп эки жуманын ичинде берилет.

Грант алуу укугу: Гранттык сунуштарды бардык өнөктөштөр менен ыктыярчылар тапшыра алышат. Кызматташтык өзгөчө бааланат. Табыштама берүүдөн мурун, келтирилген үлгүлөрдү карап чыгыңыз.

Сумма: 25 000 АКШ долларына чейинки грант табыштамалары каралат. Көбүрөөк каражат суроо үчүн табыштама берүүдөн мурун, «Жамааттын каражаттары» командасы жана программаңыздын координаторуна кайрылыңыз.

Акыркы мөөнөт: гранттык сунуштар ай сайын ар бир айдын 15нен акыркы күнүнө чейин каралат. Табыштамаңыз тийиштүү айда каралсын десеңиз, ошол айдын 15не чейин тапшырыңыз.

Грант алуунун жол-жобосу

Грант алуу үчүн:

  1. табыштама таризин толтуруңуз;
  2. Жамааттын колдоосуна ээ болуу жана пикир алмашуу үчүн грантыңыз тууралуу маалымат менен бөлүшүңүз;
  3. strategy2030 wikimedia.org дарегине төмөнкү маалымат камтыган электрондук кат жөнөтүңүз:
    1. жетектөөчү табыштама берүүчүнүн аты-жөнүн;
    2. Метадагы табыштамаңызга шилтемени;
    3. Кыймылдын стратегиясынын колдоого алынган демилгесине шилтемени;
    4. АКШ долларында суралып жаткан жалпы сумманы.
  4. табыштамаңыз эки аптанын ичинде каралат;
  5. табыштамаңызга байланыштуу пайда болгон суроолор табыштамаңыздын талкуу барагында берилет (андыктан аны көзөмөл тизмеңизге кошуп коюңуз);
  6. берилген суроолорго 5 жумуш күндүн ичинде жооп беришиңиз керек;
  7. табыштамаңыз дагы бир жолу жыйынтыктоо иретинде каралат;
  8. табыштамаңыз боюнча өзгөртүүгө жатпаган чечим электрондук почтаңызга жөнөтүлөт.

Эмнени эсте тутуу керек

  • Колдойм деген белгилүү бир демилгенин соңку макамын жана ал тууралуу талкуу менен таанышып чыгыңыз.
  • Планыңыз мүмкүн болушунча так болушу керек. Аны өзүңүз түшүнгөнүңүз менен, башкаларга түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн. Анын чоо-жайын бөлүшүп, башкалардын пикирлерин угуңуз. Ашкере кооз, орунсуз сөздөрдү колдонбостон, ток этер жерин жазыңыз.
  • Жамааттын башка мүчөлөрү жана топтору менен байланышыңыз. Табыштамаңызды кароодо, долбооруңузга тиешеси жок ыктыярчылар менен өнөктөштөрдүн пикирлери эске алынат.

Каржылоого жатпаган сунуштар

  • Кыймылдын стратегиясы алкагындагы демилгени ийгиликтүү жүзөгө ашыруу таасын чагылдыра албаган сунуштар (канчалык колдоого ээ болбосун).
  • Сунушталган иш-аракеттер долбоордун максаттарын кантип орундата турганын так чагылдыра албаган сунуштар.

Тарых

Кыймылдын стратегиясы жүзөгө ашып жаткандыгы үчүн Викимедиа фондунун стратегиялык багытты кармануусу чыңалууда жана үзүрү көрүнөйүн деп баштады:

2030-жылга карата Викимедиа биздин көз карашыбызды тең бөлүшкөн бардык адамдар кошула алган, эркин билим тутумун бөлүнгүс инфратүзүмүнө айланат.

Кыймылдын стратегиясынын үстүнөн көптөгөн жылдар бою иштеп, 10 кеңеш, 45 демилге жана 8 артыкчылыктуу багыт белгилеп алдык. Аларды майнаптуу ишке ашыруу үчүн кылдат түзүлгөн план керек. Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранттары белгилүү бир демилгелерге багытталган пландарыңызды, долбоорлоруңузду жана иш-чараларыңызды жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтөт.

Мурдагы гранттардын мерчеми 2021-жылдын апрель айынан июль айына чейин созулган. Ошол мезгилде белгилүү бир демилгелерди илгерилетүүчү кыска мөөнөттүү пландар түзүлдү. Грантка табыштама тапшыргандарга жана грант алуу жол-жобосун өркүндөтүү тууралуу ойлорун бөлүшкөндөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ушундай өз ара иштешүүдөн алынган тажрыйба учурдагы Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу грантын бөлүштүрүү ык-амалынын (2021-2022-жж.) негизин түздү.