Борбор Азия ВикиКону 2025/Стипендия
Борбор Азия WikiCon 2025 Ташкент, Өзбекистанда 2025-жылдын 19-20-Апрель күндөрү болуп өтөт, жанан бул стипендиялар физикалык түрдө катышкысы келген коомчулук мүчөлөрүн колдоо үчүн. Бул стипендиялар конференцияда ар түрдүү жана инклюзивдүү катышууну камсыздалышы үчүн Wikimedia Foundation тарабынан каржыланат.
Убакыт түрмөгү
- Стипендияга арыздарды кабыл алуу 2024-жылдын 1-декабрында башталат
- Азырдарды кабыл алуу 2024-жылдын 30-декабрында аяктайт
- Арыздарды баалоо жана комиссия тарабынан текшерүү 2025- жылдын 1- январынан 14нө чейин уланат
- Талапкерлер арыздарынын жыйынтыгы менен 20–25- январь аралыгында кабарланат
- Жыйынтыктоочу тизме 31- январга чейин жарыяланат
Катышуучуларга талаптар
Стипендия алууга Викимедиа долбоорлорунун (мисалы Википедия, Викиказына, Викибулактар сыяктуу) активдүү катышуучуларын же баардык Викимедианын Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Өзбекистан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркменистан жана Иран) ыктыярчылары мүмкүндүк алышат. Биз ошондой эле Wikimedia CEE Hub, Wikimedians of Turkic Languages User Group, жана ESEAP Hub регионалдык коомчулуктардын активдүү катышуучуларын дагы тапшырууга чакырабыз.
Викимедиа кыймылындагы ишмердүүлүк (онлайн же офлайн катышуулар) арыздарды баалоонун негизги критерийи болуп саналат. Викимедиадан тышкары башка эркин билимге, эркин программалык камсыздоого, кызматташтыкка же билим берүү демилгелерине катышууларга өзгөчөлүк берилет, бирок талаптуу түрдө эмес.
Стипендиялар
45 катышуучуга стипендия берилши күтүлүүдө.
Стипендиялар катышуучулардын келип кетүү каттамдарын, турак жай, жергиликтүү транспорт жана иш чара учурунда тамак аш чыгымдарын көтөрөт.
Арыз жөнөтүү
Стипендия алуу үчүн арыз жөнөтүүгө сиз катардагы тилдердин бирөөсүн колдонсоңуз болот: англис, орус, фарси, өзбек, казак, кыргыз же тажик тилдери. Сураныч сизге ыңгайлуу болгон тилди төмөндөгү шилтемени басып тандаңыз:
Байланыш үчүн
Эгер сизде кандайдыр бир суроолор болсо, бизге байланышыңыз centralasiawikicon25 googlegroups com