Гранттар:КСАГ/Үлгүлөр

This page is a translated version of the page Grants:MSIG/Examples and the translation is 95% complete.
Outdated translations are marked like this.

Мыкты табыштама так жана даана түзүлүп, жүзөгө ашырыла турган демилгенин учурдагы абалын таасын чагылдырып бериши керек. Төмөндө бир нече үлгү келтирилип, кандай пландар каржыланышы мүмкүн жана ар бир табыштамадан кандай маалыматтар күтүлөрү айтылды.

Бул үлгүлөргө дал келүү керек деген талап жок: алардын жардамы менен, болгону, кайсы жерден баштап же табыштаманы кантип түзүү керектигин түшүнө аласыз. Табыштамаңыз гранттардын критерийлерине да (үлгүлөрдөн көрө аласыз), өзүңүз белгилеген максаттарга да жооп бериши керек.

Үлгүлөр

Хабдар

Изилдөөчү хабдар
Изилдөөчү долбоордун идеясы чогуу-чаран иш алып баруунун мыкты жолдорун табуу үчүн жамааттын мүчөлөрүнүн керектөөлөрү менен артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. Мындай долбоор хабдарда жүрүп жаткан дүйнөлүк талкууларга өз салымын кошот.
Пландоочу хабдар
Хабдардагы буга чейин изилденип, көлөмү так аныкталган долбоорду талкуулоо иш-чарасын уюштуруп, ал боюнча бир пикирге келүүнү көздөгөн долбоор.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү

Көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн керектөөлөрдү аныктоо
Бул мисалда жамааттын мүчөлөрүнүн окуу профилдерин жана керектөөлөрүн жакшыраак түшүнүү үчүн алардын керектөөлөрүн аныктаган изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул долбоор жамааттарга керектүү көндүмдөрдү аныктаганга жардам берет.
Окуу каражаттарын которуу
Бул үлгү жамааттын мүчөлөрүнүн окуу багыттарын жана керектөөлөрүн жакшыраак түшүнүү үчүн алардын керектөөлөрүн аныктаган изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул долбоор жамааттарга керектүү көндүмдөрдү аныктаганга жардам берет.
Жаңы окуу каражатын же иш-чараны түзүү
Өнөктөштөрдүн башкаруучулук көндүмдөрүн арттыруу үчүн окуу куралдарын түзүү идеясы.

Кыймылдын жобосу

Кыймылдын жобосунун өкүлдөрүнүн программасы
Кыймылдын жобосун жамаатта талкуулоого кызыккан викимедиачыларга арналган программага катышыңыз.

Жарыяланган табыштамалар