Бренд
Бренд
Викимедиа дүйнө жүзүндөгү миңдеген ыктыярчыларды бириктирген көз карашка ээ. Мындай борборлошпогон түзүмү Викимедианын бүтүн кыймыл катары таанылышын ого бетер маанилүү кылат. Бул үчүн жалпы максаттарыбыз бар, бирок аны менен жалпы визуалдык өзгөчөлүгүбүз да бар.
Бул портал Викимедиа брендинин активдерин, колдонмолорун жана колдонууга даяр дизайн калыптарын бириктирет. Порталга Викимедиа фондунун Байланыш бөлүмү тарабынан колдоо көрсөтүлөт.
Логотиптерибиздин жана соода белгилерибиздин көпчүлүгү каалагандай колдонулушу мүмкүн, бирок айрымдары корголгон. Викимедиа белгилерин ким жана кантип колдоно аларын билүү үчүн Соода белгилерди колдонуу саясатын окусаңыз болот.