WWC2023/Scholarship/ky

This page is a translated version of the page WWC2023/Scholarship and the translation is 89% complete.

WikiWomenCamp үчүнчү жыйыны 2023-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейин Индиянын Нью-Дели шаарында өтөт. Өсүшкө, лидерликке жана байланыштарды чыңдоого багытталган трансформациялык тажрыйба алуу үчүн бизге кошулуңуз. Быйылкы жылдын темасы "Карта түзүңүз, өсүңүз" деп аталып аялдардын укуктарын бекемдөөгө жана аялдарга болгон коомдогу тоскоолдуктарды жеңүүгө багытталган.

Стипендия деген эмне?

Бул конференцияга катышууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн жеке адамдарга бериле турчу каржылык колдоо. Стипендиянын негизги максаты аялдар үчүн лагердеги иш-чараларга катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана лагерде бериле турган уникалдуу тажрыйбадан, окуу мүмкүнчүлүктөрүнөн жана инсандык өсүүдөн пайда алуу.

Категориялар

Бул иш-чараны натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана программанын таасирин максималдуу кылуу максатында, аялдар лагеринин программасы эки топко бөлүнөт - стратегиялык жана мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээлин жогорулатуу.

Бул эки тема стратегиялык жана мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээлин жогорулатууга багытталган жана ар тараптуу мамиле түзүүгө мүмкүндүк берет. Стратегиялык максаттагы темасы көз карашка, пландаштырууга жана кызыкдар тараптардын катышуусуна басым жасайт, ал эми мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээлин жогорулатуу темасы көндүмдөрдү, ресурстарды жана туруктуулукту жогорулатууга багытталат.

Стипендиялык орундар да экиге бөлүнөт, стратегиялык максаттагы багытка 25 орун, мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээлин жогорулатуу багытына 35 орун.

Жалпысынан, 45 орун эл аралык жана 15 орун аймактардан келген катышуучуларга берилет.

Стипендия алуучулардан эмне күтөбүз

  • Август жана сентябрь айларындагы конференцияга чейинки сессияларга катышуу
  • Бадди лагериндеги күнүмкү маалыматтарды алуу
  • Сурамжылоолорго катышуу (пост-лагерь)
  • Мезгил-мезгили менен стратегиялык жолугушууларга катышуу (стратегиялык топ)
  • Алынган көндүмдөрдү иш жүзүнө ашыруу (туруктуулукту жогорулатуу багыты)

Стипендия эмнени камтыйт

  • Иш-чарага катышуунун чыгымдары, барууну жана кайтып келүүү
  • Иш-чара өткөрүлгөн күндөрү турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылууну
  • Виза акысын

Негизги даталар

WikiWomenCamp 2023 стипендиялык программасында күтүлгөн иш-чаралардын мөөнөтү төмөнкүдөй:

  • Стипендиянын башталышы: 2023-жылдын 13-июну
  • Стипендиянын аякташы: 2023-жылдын 4-июлу
  • Жыйынтыгы: 2023-жылдын июль айынын ортосунда

Колдонуу

Колдонуу үчүн бул форманы толтуруңуз

Applications have closed.