This page is a translated version of the page Grants:MSIG/FAQ and the translation is 100% complete.

Викимедиа жамаатынын фондунан жыл сайын каржыланган Викимедианын өнөктөштөрү табыштама калтыра алышабы ?

Долбоордун үстүнөн иштеп жаткан ыктыярчыларга акы төлөсө болобу ?

  • Ооба.

Башка топ иштеп жаткан демилге үчүн грант алса болобу ?

  • Болот — жаңы жана каржыланган долбоор бир бири менен келишпесе.

Ишке ашыруу планыбыз бар. КСАГ программасы калган кадамдарды колдойбу ?

  • Ооба. КСАГ бардык ишке ашыруу пландарын колдойт. Кийинки кадамдарыңызды талкуулоо убактысын макулдашуу үчүн КСБ командасы менен байланышыңыз.

Грант алуучу табыштамасын билген тилинде бере алабы ?

  • Болот.

Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты башка гранттардын эмнесинен айырмаланат ?

  • Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты белгилүү бир демилгени жүзөгө ашыра турган долбоорлорду каржылайт. Натыйжалары кыйла кеңири мүнөзгө ээ болгон башка гранттарга караганда, Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруучу ар бир долбоордун натыйжасы жүзөгө ашырылып жаткан КС демилгелерине түздөн-түз таасир этет.

Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу грантынын алкагында долбоор үчүн консультант же башка бир экспертти жалдаса болобу ?

  • Болот. Эң негизгиси, консультанттын (же эксперттин) иш милдеттери так белгилениши керек. Бул долбоордун алкагында кызмат көрсөтүүгө бөлүнгөн убакытты көрсөтүүнү камтыйт.

Сунушту/долбоордун идеясын жарыялоодон мурун, КСБ командасы менен бөлүшсөк болобу ?

  • Болот. Сунушуңуздун идеясын Мета платформасына бөлүшүүдөн мурун, КСБ командасы менен бөлүшүп, пикир алмашсаңыз болот. Бул таптакыр милдеттүү эмес кадам.

Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты которуу боюнча долбоорлорду каржылайбы ?

  • Жок. Бир гана которуу максатын көздөгөн долбоорлор каржыланбайт. Бирок, Кыймылдын стратегиясын жүзөгө ашыруучу долбоорго тиешелүү болсо каржыланышы мүмкүн.